Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 07.03.2019 09:23

Кыргызстан Япония, Афганистан жана Бельгияга жаңы элчилерди жөнөтөт

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Япония, Бельгия жана Афганистанга Кыргызстандын жаңы элчилерин дайындады. Тиешелүү жарлыктарга 6-мартта кол коюлганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы дайындалган элчилер:

- Ниязов Мирослав Жумабекович Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду;

- Муктар Жумалиев Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

- Ал эми мындан ары Кыргыз Республикасынын Япониядагы ытайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Арстанбаев Мирлан Есенович эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×