Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 21:24

Парламенттин төрагасынын кеңешчиси ката жазылган кат үчүн кызматынан бошотулду

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган. А.Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон катта грамматикалык одоно каталар болгону чындык, деп билдирген парламенттин басма сөз кызматы. Буга байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүү иштери аяктаган.

Каттын көчүрмөсү социалдык түйүндөргө тарап, талкуу жаралган болчу.

«Бул документти төрага өзү жазган эмес. Ал Парламенттин аппаратындагы тиешелүү кызматкерлер тарабынан даярдалып, Жогорку Кеңештин төрагасынын кол тамгасы факсимиленин жардамы менен коюлган. Парламенттин төрагасына күн сайын кол коюу үчүн жүздөгөн документтер келет. Төрага убакыттын тардыгынан айрым документтерге факсимиленин жардамында кол коюуну жардамчыларына жана адистерге тапшырат», - деп айтылат парламенттин бидирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×