Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 20:16 На русском

Казакстандык жигит досу менен мурунку сүйүктүүсүн зордуктап, аны видеого тарткан

Turmush -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кечээ, 5-мартта өзгөчө оор кылмыш жасап, издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Шокан Абылкасымов колго түштү.

Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар эл аралык Конвенцияга ылайык экстрадициялоо маселелерин чечүү үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

Ал эми Zakon.kz басылмасынын маалыматы боюнча, кармалган адам топтук зордуктоого айыпталып жаткан. Астана шаарында 2017-жылдын июнь айында Саина Раисова эки адам тарабынан зордукталган. Шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчиси качып кетүүгө жетишкен. Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган адам 2018-жылы 18-январда 10 жылга эркинен ажыратылып, андан жабырлануучуга моралдык зыян катары 1 млн тенге жана материалдык зыян үчүн 200 миң тенге өндүрүү чечими чыккан.

Экинчи шектүү Абылкасымов Шокан Каршыгаевич – жабырлануучунун мурунку жигити качып кетип, издөөгө алынган.

«Ш.Абылкасымов мурунку сүйлөшкөн кызын элдешүү үчүн алдап үйүнө чакырган. Бирок чындыгында досу экөө аны зордуктоону пландашкан. Кыз зордукталгандан кийин 3-кабаттан секирип кеткен. Алар кызды зордуктап жатканда бул учурду мобилдик телефонго тартып алышкан. Шектүүлөр жабырлануучуну коркутушкан», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×