Бөлүмдөр
Жума, 24-май
06.03.2019 19:40 На русском

Атайын даярдыктагы аскер окуучуларга ыкма көрсөтүп жатып кесиптешин жарадар кылды

Turmush -  Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкери — атайын даярдыктагы аскер окуучуларга самбонун ыкмасын көрсөтүп жаткан учурда кесиптешин бычак менен жарадар кылды. Окуя кечээ, 5-мартта болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда жаракат алган кызматкердин абалы туруктуу. Бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Аталган күнү Чүй ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматында жалпы билим берүү мекемелеринде окугандарга ачык эшик күнү өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө окуучуларга массалык баш аламандыкты алдын алуу, ошондой эле аскердик жабдыктар көрсөтүлгөн. Окуучуларга соот тон (бронежилет) жана каска кийип көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул иш-чара Чүй ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын подполковниги Р.Тешебаевдин жетекчилиги астында өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×