Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 18:27 На русском

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкердин башына кап кийгизип, кабыргасын сындырышкан

Шектүүлөр
Шектүүлөр
// ИИМ

Turmush -  Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери адамдарды уурдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топ жабырлануучулардан ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүп, кыйнап келишкен. Ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

2019-жылдын 3-февраль күнү белгисиз адамдар жабырлануучуну «БМВ» үлгүсүндөгү унаага салып, башына мүшөк кийгизип, белгисиз жакка алып кетишкен. Шектүүлөр аны капчыгайга алып барып сабап, 5000 АКШ долларын талап кылышкан. Алар ишкерди дарыяга ыргытабыз деп коркутушкан.

Жабырлануучу денесинен оор жаракат алып, кабыргалары сынган. Андан кийин өлтүрүп коебуз деп коркутушуп, чет өлкөлүк жаранга таандык унааны өздөрүнө каттатууга макулдугун алышкан. Ишкердин башына капты кийгизип алып, кайра шаарга алып барып, 13 000 АКШ долларына баалаган «БМВ 525» (2011-жылы чыккан) үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан опузалап талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залакат келтирүү фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Иликтөөгө Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Атайын операцияны жүргүзүү максатында кызматкерлер Ысык-Көл облусуна барып, кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашты. Кылмыштуу топтун курамында мурда соттолгондор жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандар бар.

Шектүү — Ысык-Көл районунда жашап жаткан 1989-жылы туулган Н.С. мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү. Экинчи шектүү — Бишкек шаарында жашаган 1988-жылы туулган Т.Э. Ал эми үчүнчү шектүү — Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну М.Н., ал мурда соттолгон.

Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган «БМВ» үлгүсүндөгү унаа күрөөканага коюлганы такталды. Болжолдуу маалымат боюнча, шектүүлөр унаанын ээсинин атынан ишеним күбөлүгүн жасап, 10 000 АКШ долларына сатып жиберишкен. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси териштирилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×