Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.03.2019 18:19

Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап кеткен тургун кармалды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап, эстеликтерди, тосмолорду сындырып кеткен тургунду милиция кармады. Бул тууралуу айыл өкмөттүн тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, бул кылмышка шектүү делип 1994-жылы туулган С.Ш. кармалды. Ал буга чейин баңгизатты сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ысык-Көл ОИИБ билдиргендей, С.Ш.га Бузуулар жөнүндө кодекстин 131-беренеси боюнча (өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо) шектелип жатканы тууралуу кабарланды. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, иш соттун кароосуна жөнөтүлөт.

Буга чейин ушул жылдын 11-январында Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап, эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүл чамбарларды ыргытып кетишкендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×