Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Чүй облусуАламүдүн району 06.03.2019 14:49 На русском

Беш-Күңгөйдөгү каракчылык боюнча жаңы жагдайлар: Ишкерди катуу сабап, аялын атып кетишкен (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарына жакын жайгашкан Беш-Күңгөй айылындагы каракчылык — ишкер жана анын жубайынын тонолушу боюнча жаңы жагдайлар аныкталды. Булактар аркылуу маалым болгондой, окуя бүгүн, 6-мартка караган түнү саат 02:30 чамасында болгон.

Күмүш түстөгү «Субару Форестердеги» (мамлекеттик номуру В 9130 АG, Октябрь РИИБ уурдалган унаа катары каттоого алган) бет кап жана кол кап кийген белгисиз эки адам атайын «Тойота Харриер» (мамлекеттик номуру В 3264 АР) унаасын сүзгөн. Алар унааны токтоткондон кийин жабырлануучулар тарапка травматикалык куралдан ок чыгарып, 320 миң АКШ долларын алып, качып кетишкен.

Ал эми «Тойота» унаасында 1966-жылы туулган Савельев Борис Николаевич жана анын жубайы — 1962-жылы туулган Савельева Марина Васильевна бара жаткан.

«Жабырлануучу аял октон жаракат алып, Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Окуя болгон жерден травматикалык тапанчанын эки гильзасы табылды», - деп айтылат булактардын маалыматында.

Болжолдуу маалымат боюнча, Борис Савельев «ТП Альтранс» ЖЧКда сатуу боюнча менеджер болуп иштейт.

АКИpress агенттигине Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нуралы Матаипов билдиргендей, жабырлануучу аялдын абалы оор болсо, күйөөсүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

«Аялдын чыкыйына ок атышкан. Рентгенде ок көрүнбөй жатат. Учурда жабырлануучуну компьютердик томографияга жөнөттүк. Анын жыйынтыгы менен нейрохирургия бөлүмүнө которуу боюнча чечим кабыл алынат»,- деди ал.

Дарыгердин айтымында, жабырлануучу адамга да ок атышкан.

«Аны катуу сабашкан экен. Баш сөөгүнүн айрым сөөктөрү сынып, баш мээси чайкалган. Анын абалы аялыныкына караганда канааттандырарлык», - деди Нуралы Матаипов.

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Беш-Күңгөй айылында белгисиз адамдар айдоочуну карактап, 310 миң доллар уурдап кетишкенин билдирген болчу.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Аламүдүн РИИБге аталган айылда жол кырсык болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бирок окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу белгисиз адамдар «Тойота Харриер» унаасынын айдоочусун тоноп кетишкенин аныктаган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

ШИИБдин маалыматы боюнча, Аламүдүн РИИБ менен Бишкек ШИИБдин өздүк курамы кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Ал эми жабыркагандар ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×