Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 06.03.2019 11:31 На русском

Беш-Күңгөй айылында белгисиз адамдар айдоочуга кол салып, 310 миң долларын алып кетишти

Turmush -  Бишкек шаарына жакын жайгашкан Беш-Күңгөй айылында белгисиз адамдар айдоочуну карактап, 310 миң долларын уурдап кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-мартта эртең менен Аламүдүн РИИБге аталган айылда жол кырсык болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бирок окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу белгисиз адамдар «Тойота Харриер» унаасынын айдоочусун тоноп кетишкенин аныктаган. Аталган унаада айдоочу — 53 жаштагы С.Б. жана анын 57 жаштагы жубайы С.М. болгон.

Болжолдуу маалымат боюнча, «Субару Форестер» «Тойотаны» сүзүп, унаадан эки адам түшүп, белгисиз курал колдонуп, айдоочунун 310 миң АКШ долларын алып кетишкен.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

ШИИБдин маалыматы боюнча, Аламүдүн РИИБ менен Бишкек ШИИБдин өздүк курамы кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Ал эми жабыркагандар ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×