Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 06.03.2019 10:34 На русском

Аламүдүндө 500 тоок, 2 бодо мал тирүүлөй өрттөнүп кетти. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Озерный айылында жайгашкан турак үйдүн короосундагы мал сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 500 чарчы метр чатыры, 2500 түк чөп, эки бодо мал, 500 тоок, боз үй жана 8 даана өндүрүштүк аппараттар күйгөн.

Учурда өттүн себептери такталып жатат.

«Таӊкы саат 4:30 чамаларында өрт чыгыптыр. Сарай жалындап жатканын байкап калган кожоюндар уйкудан туруп, сыртка чыгышкан. Биз дароо куткаруу кызматын чакырдык. Эч ким жабыркаган жок. Сарайдан чыккан өрттү турак үйгө жеткирбей өрт өчүрүүчүлөр өчүрүп калышты», - деди айыл тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×