Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.03.2019 10:22 На русском

Ысык-Көлдө мугалимдер арасындагы «Көл жылдызы» сынагы уруш менен аяктады (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунда билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган «Көл жылдызы» сынагы нааразычылыктар менен аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынак аял мугалимдер арасында өтүп, ага райондун аймактарындагы мектептерден келген жаш мугалимдер катышып, алар «Көл жылдызы» наамы үчүн ат салышкан.

Сынактын аягында калыстар тобунун берген бааларынан кийин жыйынтык чыгып, баш байге Нурдөөлөт ата атындагы мектептен келген мугалимге ыйгарылган соң, нааразычылыктар пайда болду.

Кээ бир мугалимдер баш байгеге ээ болгон мугалим сынактын тандоо турунан өткөн эместигин айтышты.

Катышуучулар Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиевге нааразычылыктарын айтышканда, ал пикирлерди укпастан залдан чыгып кетти.

Ал эми көрүүчүлөр дагы калыстык болбой калганын билдиришип, бул иш-чара ынтымакка чакырбастан, тескерисинче мугалимдер арасындагы бөлүнүүгө алып келгенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×