Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Дүйнө 06.03.2019 09:54 На русском

Гүлнара Каримова кайрадан камакка алынды

Turmush -  Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова кайрадан камакка алынды. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, ал абакка кечээ, 5-мартта киргизилген.

Маалым болгондой, Ташкент облустук сотунун чечими менен Г.Каримова 2017-жылдын 18-декабрындагы кылмыш иш боюнча 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

«Гумандуулук жана айыпталуучу кылмыштуу жол менен мамлекетке келтирилген акчалай каражатты кайтарып берүү милдетин алгандыгын эске алуу менен Ташкент облустук соту Г.Каримованын жазасын 5 жылга эркинен ажыратууга өзгөрткөн. Жаза мөөнөтүн өтөө Г.Каримованын тандоосу менен анын кызы Иман Каримованын жашаган жери боюнча белгиленген.

Муну менен катар Г.Каримовага жашаган жеринен сыртка чыкпоо, байланыш каражаттарын жана интернет кызматын колдонбоо, ошондой эле чыгымды кайтарып берүү сыяктуу мыйзамдагы чектөөлөр коюлган. Ага коюлган талаптарды аткарбаган учурда сот жаза өтөө шартын өзгөртө турганы эскертилген. Бирок Г.Каримова сот тарабынан коюлган милдеттерди системалык түрдө бузду.

Мисалы, 2018-жылдын 22-ноябрында Г.Каримова өзүнүн чечими менен жашаган жеринен сыртка чыгып, буга байланыштуу эскертүү алган. Бирок буга карабастан байланыш каражаттарын жана интернет пайдаланып, кылмыш иште белгилегген чыгымды кайтарууга активдүү тоскоолдуктарды көрсөтүп турган.

Мындан кийин тиешелүү органдардын сунушу менен Яшнабад райондук соту ага карата калган жазаны жалпы режимдеги абакта өтөсүн деген чечим чыгарды», - деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин Г.Каримованын кызы Иман Каримова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу прокуратура кызматкерлерин күнөөлөп, алар апасын белгисиз тарапка алып кетишкенин жарыялаган.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Биринчи жолу Г.Каримова камакка алынганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын июль айынын аягында жарыялаган. Маалыматка караганда, Г.Каримованын уюшкан топтун кылмыштуу иштерине жардам көрсөткөндүгү аныкталган.

«2013-жылы 24-октябрда «Terra Group», «Prime Media», «Gamma Promotion» компаниялары салык төлөөдөн качуу фактылары боюнча кылмыш иш козголгон. Бул ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Фергана облусунда 1972-жылы 8-июлда туулган Каримова Гүлнара Исламовна 2001-2012-жылдары Н.Садикова, 2013-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Р.Мадумаров жетекчилик кылган уюшкан кылмыштуу топко жардам көрсөткөндүгү аныкталган. Ал убакта Г.Каримова Саясий изилдөөлөр борборунун директору кызматын ээлеп келген. Г.Каримованын жетекчилиги алдында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2001-жылдан 2013-жылга чейин бир катар кылмыштарды кылышкан», - деп жазылат маалыматта.

Мурунку президент Ислам Каримов каза болгону тууралуу расмий маалымат 2016-жылдын 2-сентябрында кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×