Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 09:08

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул мыйзам Жогорку Кеӊеш тарабынан 2019-жылдын 16-январында кабыл алынган, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мыйзам өз ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келтирүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салган карама-каршылыктарды четтетүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×