Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 08:36 На русском

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматындагы кадрдык өзгөрүүлөр (тизме)

Turmush -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев кол койду.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Таалай Бейшеналиев ЖАМКтын Башкы штабынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин №45 мекемени башкарып келген. Ал эми ЖАМКтын ички аудит бөлүмүнүн башчысы болуп Нурлан Дүйшөбаев дайындалды. Н.Дүйшөбаев буга чейин аталган бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.

Уланбек Акелов ЖАМКнын №45 мекемесинин (Москва районунун Беловодск айылында жайгашкан жатак абак), Азамат Айманбетов №38 мекеменин (Кемин районундагы жатак абак) башчысы болду.

ЖАМКтын төрагасы белгилегендей, борбордук аппаратта өзгөрүү болгондон кийин март айында ведомствонун төмөнкү бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×