Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 05.03.2019 17:42 На русском

16 жаштагы Дастан Бишкектеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз

Turmush -  Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерлери дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Дастанды издеп жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.

Дастан 19-февраль күнү Алтын-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Белгилери: бою 150-160 чамалуу, чачы сары түстө, көзү күрөң, арыкчырай. Үстүндө кара түстөгү куртка, кара кофта, каралжын түстөгү спорттук шым, бутунда кара бут кийим кийип жүргөн.

Нурматов Дастан тууралуу маалымат билгендер болсо Октябрь РИИБдин: (0312) 54-41-84, (0555) 01-17-17, (0550) 10-22-38, (0554) 10-21-47, (0553) 10-28-39 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×