Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусуСокулук району 05.03.2019 16:01 На русском

Эгиздин түгөйү болчу: Новопавловкада унаа сүзүп өлтүргөн окуучунун ата-энеси айдоочу милиционерди кечирди

Turmush -  Унаасы менен окуучу баланы сүзүп өлтүргөн Чүй ОИИБдин Милициянын патрулдук-пост кызмат бөлүмүнүн кызматкерин жабырлануучу тарап кечирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Эки тарап өз ара келишкенине байланыштуу иш токтотулду. Жабырлануучу менен айыпталуучунун туугандары сотто медиаторлордун катышуусу менен элдешүү тууралуу бир пикирге келишти», - деп айтылат билдирүүдө.

Окуя 2019-жылдын 29-январында саат 7:20 чамасында Ч.Айтматов атындагы мектептин жанында болгон. Катуу ылдамдыктагы «Ауди» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан окуучуну уруп кеткен.

Кийинчерээк Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы баланы уруп кеткен унаанын айдоочусу Чүй ОИИБде патрулдук кызматкер болуп иштей тургандыгын билдирди.

«19-январда саат 7:10 чамасында Бишкек—Ош жолунун 10-чакырымында «Ауди А6» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу А.К. батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Новопавловка айылында жөө жүргүнчү — 11 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан өзүнө келбей каза болду. Сокулук РИИБдин тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзө баштады», - деп айтылат маалыматта.

Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин мугалимдери каза болгон окуучу Б.К. экендигин айтышты.

«Маркум Б.К. 2008-жылы төрөлгөн. Анын эгизи жолдон чуркап өтүп кеткенге үлгүрүп калыптыр. Ал мектепте жакшы окучу, өзү да жакшы бала эле. Жаман кырсык болду. Биз дагы угуп алып, аябай кайгырып жатабыз.

Ал эми мектепте дайыма жолдо жүрүү эрежелери боюнча долбоор иштеп, класстык сааттар өтүлүп турат. Ар бир башталгыч класстарда эрежелер жазылган бурчтар бар», - дешкен мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×