Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусуКара-Суу району 05.03.2019 14:02 На русском

Уурулук жана зордуктоого шектелген жигит Бишкекте жашынып жүргөн

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери зордуктоо жана уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-март күнү милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-беренеде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча шектүү катары издөөдө жүргөн, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1989-жылы туулган тургуну Т.А. кармалды. Ал Бишкек шаарында жашынып жүргөн. Шектүүгө 2019-жылдын 10-январында издөө жарыяланган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 2 жолу уурулук жасаганы белгилүү болду.

Т.А. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексиндеги 161-берененин (зордуктоо) жана 200-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

В Бишкеке по подозрению в изнасиловании задержан 30-летний мужчина

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×