Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусуКара-Суу району 05.03.2019 13:06 На русском

Ошто тай казанды сүзгөн улакчынын мээси жанчылып калган

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү ат майданда улакчы тайказанды сүзүп каза болду. Окуя 27-февраль күнү болгонун жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, айылда көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жаткан. Каза болгон адам тай казанга улак таштаганы барып, ага урунган.

Ал эми Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, 1981-жылы туулган А.у М. башынан жаракат алып, оор абалда келип түшкөн.

«Ал тай казанга желкеси менен урунуп, желке сөөгү сынып, мээсине кирип кеткен. Эки күн ооруканада дарыланып, башына операция жасалып, мээсинен сайылган сөөктөр алынды. Бирок мээси жанчылып кеткендиктен операция абдан оор болду. Ал кечээ, 4-мартта өзүнө келбей каза болду», - деп билдиришти ооруканадан.

Маркум бүгүн акыркы сапарга узатылып жатат.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Жалал-Абад шаарына караган Төш-Кутчу конушунда улак тартыш учурунда атчан бара жаткан улакчы токко урунуп, ат окуя болгон жерде жан берген.

Умар аттуу улакчы билдиргендей, окуя 3-март күнү түшкө жуук болгон. Улакчы аты менен бара жатып, электр мамысын сүзгөндөн кийин токко урунган. Жабыркаган жигитти алгач жерге көмүүгө аракет кылышып, кийин ооруканага жеткиришкен.

Ал эми Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумарбек Ботокараев токко урунган жаран ооруканага түшкөнүн тастыктап, анын абалы жакшы экенин билдирген.

«Облустук ооруканага Сузак районунун Ак-Тоок айылынын 1978-жылы туулган М.К. аттуу тургуну 3-мартта түштү. Учурда анын абалы жакшы. Дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деген башкы дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×