Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 05.03.2019 12:55 На русском

Маевкада таштандыдан табылган ымыркай ара төрөлгөн кыз болгон

Turmush -   Аламүдүн РИИБ жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси көчөдөн табылган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 4-мартта болжол менен саат 20:50 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Маевка айылынан ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда, каналдын жанынан таштандыга ыргытылган баштыктын ичинен болжол менен 4-5 айлык ара төрөлгөн кыздын жансыз денесин табышкан. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×