Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Дүйнө 05.03.2019 12:33 На русском

Дүйнөдөгү эң бай аялдардын жаңы тизмеси

Turmush -  Франсуаза Беттанкур-Майерс — L'Oreal косметикалык империянын мураскери, үй-бүлөсү компаниянын 33 пайыздык үлүшүнө ээлик кылган дүйнөдөгү эң бай аял. Бул тууралуу Forbes басылмасы миллиардерлердин көрсөткүчүн жарыялаган маалыматта айтылат.

2018-жылы L’Oreal компаниясынын ээси 7,1 млрд долларга байыган. Компаниянын үлүшүнө болгон баа өскөнүнө байланыштуу анын капиталы да жогорулаган. Ошондой эле Беттанкур-Майерс жана анын жакын туугандары косметикалык бирикменин 33 пайызына ээлик кылышат. Франсуазага чейин анын апасы, аталган компаниянын негиздөөчүсүнүн кызы Лилиан Беттанкур аялдар арасындагы көрсөткүчтү жетектеп келген. Ал 2017-жылы күз айында 94 жашында көз жумган. Франсуаза учурда 65 жашта.

Дүйнөдөгү эң бай аялдардын экинчи тизмесине Walmart америкалык компаниянын негиздөөчүсүнүн кызы Элис Уолтон жазылды. Үчүнчү орунду Mars америкалык кондитердик компаниясынын негиздөөчүсүнүн небереси Жаклин Марс алды.

Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында Франсуаза Беттанкур Майерс 15-орунда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×