Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 04.03.2019 17:35 На русском

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды

Turmush -  Самыйбеков Улукбек Сатарбекович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ал тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-мартта кол койду.

Расмий маалымат боюнча, жаңы орун басарды Өкмөт аппаратынын финансы жана насыялык саясат бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев жамаатка тааныштырган. У.Самыйбеков Мамлекеттик салык кызматындагы административдик камсыздандыруу жана маалыматтык технологиялар тармагын жетектейт.

Ал 1984-жылы төрөлгөн, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда жалпы 12 жыл 2 ай эмгектенген. 2013-жылдын май айынан тарта маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип жаткан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×