Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 04.03.2019 13:18

Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Руслан Омаралиевдин өмүр баяны

Turmush -  Омаралиев Руслан Намазалиевич 19-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, шайлоого Фрунзе айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты катышып, алардын ичинен 15 эл өкүлү Р.Омаралиевге добуш беришкен. Айыл өкмөттүн башчылыгына жалпысынан 2 талапкер ат салышкан.

Омаралиев Руслан Намазалиевич 1970-жылы төрөлгөн. 1988-1993-жылдары К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунан гидромелиорация адистиги боюнча билим алган. Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Эмгек жолу:

- 1987-жылдын июль-октябрь айларында Айыл чарба институтунун окуу чарбачылыгында жумушчу;

- 1987-жылдын октябрь-декабрь айларында аталган окуу чарбачылыгында аткананын кезекчиси;

- 1993-жылы аталган окуу чарбачылыгында М-412 автоунаасынын айдоочусу;

- 1994-2000-жылдары аталган окуу чарбачылыгында башкы инженер-гидротехник;

- 2001-жылдын январ-октябрь айларында Студенттер атындагы студенттик кооперативинде улук гидротехник;

- 2001-2003-жылдары «БЧК-Совхозный» суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;

- 2003-2005-жылдары аталган бирикменин директору;

- 2005-жылдан бери «Намазалы» коллективдик чарбасынын башчысы.

2008-2012-жылдары Фрунзе айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты болуп иштеген. 2017-жылы аталган айылдык кеӊешке кайрадан депутат болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×