Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Токмок 04.03.2019 12:15

Токмокто футзал боюнча мелдеш старт алды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында Нооруз майрамына карата жана улут аралык ынтымакты чыӊдоо максатында футзал боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мелдешти уюштургандардын бири — Сатыбалды Жунушалиев билдирди.

«Мелдешке Чүй районунун жана Токмок шаарынын футбол командалары катышууда. Жаныбек Чечейбаев экөөбүз Токмок шаарынын мэриясынын колдоосу менен аталган мелдешти уюштуруп жатабыз жана ал Нооруз майрамына чейин созулат. Алдыңкы орундарга ээ болгондорго акчалай сыйлыктар ыйгарылат», - деди С.Жунушалиев.

Мелдеште жалпысынан 18 команда ат салышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×