Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баракелде, Бишкек 04.03.2019 07:55 На русском

«Мобильниктин» артынан «QIWI» төлөм операторунун каражаттары тоңдурулду

Turmush -  QIWI («Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсы) төлөм операторунун коммерциялык банктардагы алыш-бериш эсептери сот тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде камакка алынды. Буга чейин аталган компанияга ээлик кылгандардын бири арыз менен сотко кайрылган, деп билдиришти Улуттук банктан.

«Кыргыз Республикасынын «Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамына ылайык, Улуттук банк өз алдынча ишканалардын операцияларын токтотуп жана алыш-бериш эсептерин тоңдура албайт. Бул функциялар укук коргоо жана сот органдарынын милдетине кирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында Улуттук банк «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсына 2019-жылдын 1-мартынан тартып электрондук капчык аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төлөмдөрүн кабыл алууну жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү убактылуу токтотуу тууралуу жазма буйругун чыгарды.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКнын жетекчиси болуп Сатаров Мелис Бекназарович саналат. Ал эми негиздөөчүлөрү Аюпов Эркин Асылбекович жана Бейсенбеков Едил Хинаятович.

Буга чейин «Мобильник» төлөм системасынын ээлеринин бири — Адилет Боотаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына «2015-жылы QIWI компаниясынын ээлери мага аталган компанияны сатып алуу жөнүндө сунуш киргизишкен. Мен насыя алып, Кыргызстандагы QIWI төлөм системасынын бир үлүшүн сатып алып, бир тууганыма каттатып койгом», - деп жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×