Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баракелде, Бишкек 02.03.2019 12:14 На русском

Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — 9-кызматынын башчысы болду

Turmush -  Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын башчысы кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Шабданбеков Тимур Маратович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Шабданбеков Тимур Маратович 1974-жылы 28-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал жогорку билимдүү, 1996-жылы ИИМдин Академиясын аяктаган, полковник наамынын ээси.

Эмгек жолун 1996-жыл баштап, 1999-жылы Улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×