Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.03.2019 14:04 На русском

Депутат Улуттук энергохолдингде 43 бекерчи отурганын айтып, аны түзгөн 3 адамды атады

Turmush -  Улуттук энергохолдинг эмне жумуш аткарат? - деп сурады бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков КСДП фракциясынын жыйынында. Ал Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүн билбей тургандыгын жана аталган акционердик коомдо 43 бекерчи отурганын айтты.

«Силерден эч кандай пайда жок. Силер холдинг, акционердик коомсуңар да. Силер менен Казакстандын Энергетика министрлиги жеке менчик компания деп сүйлөшпөйт. Бул орган мурда жок болчу. Аны 3 киши түзгөн — Турдубаев, Калиев жана тээтиги Кубатбек Бороновдун аркасында шыбырап жаткан Азамат Оморов. CASA-1000 жана электр энергиясынын экспорту жөнүндө дайыма айтып келесиңер. Өзүбүзгө жетпей жатса, кантип экспорт кылганы жатасыңар?», - деди Р.Момбеков.

Ошондой эле ал Энергетика министрлигин түзүп, Улуттук энергохолдингди жоюуну сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов бардык пакеттерди Энергетика министрлигине өткөрүп, Улуттук энергохолдингди жоюу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Аны депутат Иса Өмүркулов (КСДП): «Энергохолдингди коргобой, берилген суроолорго так жооп бериңиз», - деп сөзүн бөлдү.

Буга чейин активист Расул Үмбөталиев Улуттук энергохолдингдин жетекчилери төрага дагы, ошол эле учурда директорлор кеңешинин мүчөсү дагы болушканын, кызматкерлер болсо текшерүүчү комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү болуп калышкандыктарын билдирген. Ал аталган компанияны, андан тышкары Мамлекеттик өнөр жай жана энергетика комитетин жоюп, Энергетика министрлигин жана Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигин кайра түзүүнү сунуштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×