Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 01.03.2019 13:02 На русском

«Коопсуз шаар»: 4-мартка чейин эреже бузган айдоочулар айып пул төлөбөйт

Turmush -  Ушул жылдын 12-февралынан 4-мартына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдар салынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Ыманалы Саркулов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

12-февраль күнү «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Учурда Бишкек жана Чүй облустарында 27 аппараттык-программалык комплекстер орнотулган, андан тышкары 20 көчмө аппараттык комплекс иштеп жатат. Бүгүнкү күндө жол кыймылынын эрежеси бузулган 17 000 учур катталды.

«4-марттан баштап «КРнын жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулун төлөсө ал айып пулдун жалпы суммасынын 50 пайызын гана төлөгөнгө укугу бар. «Бакыт каттары» 4-марттан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга жөнөтүлө баштайт», - дейт Ы.Саркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×