Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Нарын облусуАк-Талаа району 14.03.2019 18:38

Айыл турмушу: Окуучуларды күлүп урушкан тилчи М.Жумакадырова кагаздан гүл жасап киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Мөөркан Жумакадырова гофро кагаздарынан гүлдүн түрүн жасап, кошумча киреше табууда. Жаш мугалим менен аймактык кабарчы маектешти.

Жумакадырова Мөөркан Баракановна 1993-жылы Баетов айылында туулган. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин бүтүргөн соң, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен англис тили боюнча билим алып чыккан. Учурда өзү окуган мектепте 1 жылдан бери англис тилинен мугалим болуп эмгектенип келүүдө.

Турмушка чыкканына бир жарым жыл болду. Ал жолдошу Руслан Жакыпбеков менен 5 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон.

«Учурда кайын журтумдун эң кичүү келинимин. Мындан 5 жыл мурун жолдошум Руслан менен социалдык тармактан таанышып калгам. Башында жөн эле дос катары сүйлөшүп калчубуз. 2012-жылы сүйүүсүн билдирип, сүйлөшүп жүрүүгө сунуш кылды. Макул болдум. Ошентип 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, акыры баш коштук. Өзү банк тармагында иштейт», - деди жаш мугалим.

Кайсы жерде болбосун ар дайым күлүп, жаркын маанайда жүргөн Мөөркан окуучуларын тилдегени менен алар тоготпойт деле.

«Мен дайыма позитивдүү жүрөм. Күлүп-жайнап жүрүүгө аракет кылам. Бир жолу сабакка кечигип кирген окуучуларды "эмне кечигип киресиңер?" деп урушуп жатсам, алар кайра мага каткырып күлүшөт. "Эмне каткырасыңар?" деп урушсам, "эже, сизге урушкан жарашпайт экен. Өзүңүз күлүп алып урушуп жатсаңыз, биз дагы күлөбүз да" деп коюшат. Жакын адамдарың жаныңда болсо, бактылуу жашоодо жашап жатсаң ар дайым кабагың ачык, күлүп жүрөсүң да», - деди Мөөркан.

Мугалимдик кесипти гана аркалабастан бош убактысында гүл жасоодон тышкары кыз-келиндердин тырмагын жасалгалап, кошумча киреше табууну өздөштүрүп алган.

«Гүл жасаганды интернеттен карап үйрөнүп алгам. Кызыгып жасап көрсөм окшошту. Биринчи жасаган гүлүмдү апамдын туулган күнүнө белек кылгам. Гүлдү гофро кагаздарынан жасайм. Учурда балам кичинекей болгондуктан бош убакыт таап жасаганга аракет кылып келем. Бир гүлдү 15-20 мүнөттө жасап, 1 даанасын 25 сомдон сатам. Көбүнчө буйрутма беришет. 8-мартка карата көп буйрутма болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×