Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 28.02.2019 11:41

Ошто жыл башынан бери 16 өспүрүм жоголуп, кайра табылды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында жыл башынан бери 16 өспүрүм жоголуп, кайра табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын аймагында интернеттен «48 саатка жогол» аталышындагы оюнду ойноп, өспүрүм жоголгон факты катталган эмес. Ошондой эле өспүрүмдөр бул оюнду ойноп жаткандыгы боюнча маалымат текшерилип, аныкталган жок.

«Бул багытта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. 2019-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгѳ чейин Ош ШИИБге жашы жетелек балдардын жоголгондугу тууралуу 16 арыз келип түшкѳн. Алардын баары аман-эсен табылып, жакындарына кайтарылган. Балдардын кѳпчүлүгүнүн үйдѳн чыгып кетүүсүнө үй-бүлѳдѳгү түшүнбѳстүк менен таарынычытар себеп болгон. Бүгүнкү күндѳ Ош шаарында дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан ѳспүрүм жок», - деп айтылат билдирүүдө.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Социалдык тармактардын Россиядагы колдонуучуларынын арасында буга чейин «48 саатка жогол» аталышындагы оюн тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында аталган оюн боюнча окуялар катталган жок, деп билдирди кечээ, 27-февралда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Оюндун негизги максаты — себебин эч кимге айтпай, мүмкүн болушунча көп адамды издетип, расмий издөөгө алынуу.

«Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында аталган оюн боюнча катталган окуялар жок. Аны алдын алуу максатында мектептеги ата-энелердин чогулушунда профилактикалык маектерди жүргүзүү үчүн маалыматтар мэриянын билим берүү башкармалыгына жиберилген. Учурда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептерде окуучулардын арасында интернет чөйрөсүндө өзүн коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×