Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.02.2019 09:39 На русском

Ысык-Көл ОИИБге жаңы жетекчи келди

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБди мындан ары Улан Кубатович Асанбаев жетектейт. Ал тууралуу тиешелүү буйрукка ички иштер министри кечээ, 27-февралда кол койгону Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болду.

У.Асанбаев буга чейин Каракол ШИИБди жетектеп келген. Бул кызматка 2018-жылдын 23-августунда дайындалган болчу.

Ал эми ОИИБдин мурунку жетекчиси Октябрь Урманбетов 2019-жылдын 24-январында өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×