Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баракелде, Бишкек 27.02.2019 19:12 На русском

Нарын ОИИБдин мурунку башчысы Таалайбек Нуралиев жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Нуралиев Таалайбек Молдалиевич Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын биринчи орун басарын өздүк курамга Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адилет Жанузаков тааныштырды.

Таалайбек Нуралиев буга чейин Нарын ОИИБди жетектеген. 2010-жылы апрель айында Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×