Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.03.2019 22:12

Айыл турмушу: Базар-коргондук Улукбек Өзбекстандан алып келген тоту куштардын санын көбөйтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 34 жаштагы тургуну Улукбек Абдупаттаев тоту куштун түрүн багат. Ал аймактык кабарчыга билдиргендей, 3 жыл мурда коңшу Өзбекстандан 8 тоту куш алып келген.

«Алардын санын көбөйтүп отуруп, бүгүнкү күндө 300гө жетти. Тоту куштарды багуу чоң мээнетти талап кылат. Аларга өз убагында жем, суу берип туруу зарыл. Күнүнө 10 килограмм жем керектелет. Тоту куштардын өзгөчөлүгү — ак, жашыл, көк жана сары түстө болуп турат. Мындан улам тоту куштарга кызыккан адамдар көбөйүп, үйгө келип алып кетишет. Туугандарыма, коңшуларыма берген учурлар болгон. Азыр тоту куштарды сатпастан алардын санын көбөйтүп жатам. Негизи 1 тоту куш жылына 6 жолу басып чыгарат», - дейт ал.

Улукбек Абдупаттаев тоту куштарды өзүнүн кызыгуусунан улам жана короого жай мезгилинде көрк берип, сайрап турушу үчүн багат. Эми ал тоту куштардын санын миңге жеткирүүнү пландап жатат.

Улукбек үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×