Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Талас облусуТалас району 27.02.2019 14:37 Жаңыланды: 27.02.2019 17:33

Ш.Токтомушев Таластын Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Токтомушев Шаршенбек Сапарович шайланды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кызматка 4 талапкер ат салышкан. Бүгүнкү шайлоого Айдаралиев айылдык кеңешиндеги 11 депутат толугу менен катышты. Анын ичинен 6 депутат Ш.Токтомушевдин талапкерлигин колдоду.

Ш.Токтомушевдин өмүр баяны:

Ш.Токтомушов 1978-жылы 16-майда Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. 1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө аскер кызматын өтөгөн. 2003-жылы Талас айыл чарба техникумун аяктап, бухгалтер-экономист адистигине ээ болгон. 2018-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба академиясын аяктап, экономист адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2002-2004-жылдары Талас шаардык коммуналдык чарбасында экономист болуудан баштаган. 2006-2007-жылдары «Реемтсма» акционердик коомунда аймактык мерчандайзер, 2008-жылы «Эмгекчил» муниципалдык коммуналдык чарбасында инженер болгон. 2010-2012-жылдары Талас шаардык муниципалдык коммуналдык чарбасынын башкы инженери, 2012-2017-жылы жетекчиси, 2017-жылы Талас шаардык «Таза суу» ишканасында башкы инженер кызматын аркалап келген. 2015-жылы Талас шаарынын «Жылдын мыкты жетекчиси» наамына ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×