Бөлүмдөр
Жума, 24-май
14.05.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: Кара-суулук үй-бүлө күнөскана иштетип, жылына 400 миң сомго чейин киреше табат (сүрөт, видео)

Turmush -  Көп жылдан бери күнөскана иштетип келе жаткан Давранбек Акмеджановдун үй-бүлөсүнүн кирешеси күнөскана менен тыгыз байланышта. Дээрлик жыл бою күнөсканада түрлүү гүлдөрдү өстүрүп, жашылча-жемиштерди сатыкка чыгарган үй-бүлө Кыргызстанда да чет өлкөдөгүдөй акча тапса болорун айтышат.

Акмеджанов Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну. Ал 7 жыл мурун тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп баштаган. Ошол учурдан тарта бул ыкма жакшы натыйжасын берип келет.

«Негизи күнөскана иштетип жатканыбызга 30 жылга жакын убакыт болду. Бул арада күнөсканаларыбызды кеңейтүүгө жетиштик. Алгач помидор, бадыраң сыяктуу жер-жемиштерди өстүрчүбүз. Андан кийин гүл өстүрүүгө өттүк. Күнөскананы 2 үй-бүлө иштетебиз. Мындан түшкөн пайда эки үй-бүлөнү багууга кенен жетет. Акыркы 7-8 жылдан бери аз чыгым кетип, көбүрөөк пайда таап жатабыз. Анткени 7 жыл мурун тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөнбүз. Мурун көп суу керек болуп, аны алуу кыйынга турса, азыр аз өлчөмдөгү суу менен деле мөмө-жемиштерди, гүлдөрдү сугара алабыз. Тактап айтканда, 2012-жылдан тартып тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүп, ошол жылдан баштап пайда көбөйө баштады», - деди.

Давранбек Акмеджанов гүлдүн 10 түрүн өстүрөт. Гүлдөрдү Голландия жана Кениядан сатып алат.

«Бул иш менен алектенүү пайдалуу. Түйшүгүнө чыдап, ак мээнет менен алектенип койсоң албетте өз мөмөсүн берет. Помидор, бадыраң ар дайым өтүп турчу жемиш эмеспи. Ошондой эле гүлдөрдү да алуучулар дайыма табылат. Биздин продукцияны алган адамдар көп. Анткени жемиштер тамак-ашка керектелет. Ал эми кардарлар бул эки жемишти базардан же башка жактанбы баары бир алат», - дейт ал.

Күнөскана иштетүүнүн сырын өздөштүргөн үй-бүлө жылына 400 миң сомго чейин киреше табат. Алар жерди айдоо үчүн кичинекей тракторду пайдаланышат. Мындан сырткары түшүмдүүлүктү арттыруу үчүн жылына эки ирет жер семирткич чачышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×