Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.03.2019 19:00

Айыл турмушу: Талаада окуучулардан экзамен алган К.Эргешовдун иш тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургуну Кутманбек Эргешов 37 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Пенсияга чыкканына байланыштуу учурда ардактуу эс алууда.

68 жаштагы мугалим аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, убагында ал элеттеги кыйынчылыктарга карабай, билим алууга умтулган.

«Өзүм окуган мектеп үйдөн 15 чакырым алыста жайгашкандыктан кээде жолдо калып, корккон күндөр болгон. Бир жолу мектепке минип бара жаткан атым саздак жерге тыгылып калып, мектепке жете албай калгам. Көпүрөнү сел алып кетип, мектеп тарапка өтө албай, суунун берки бетинен эжейиме көрүнүп коюп, кайра үйгө келгеним эсимде. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай, мектепти дагы окуп бүтүрдүм.

Кийин аскердик кызматка чакырылып, өз милдетимди өтөп келген соң колхоздо 1 жылдан ашык иштедим. Андан кийин мугалимдик кесипти аркалап баштадым. Ал убакта иштөө өтө кыйын болчу. 10 чакырымдай алыста жайгашкан мектепке жөө каттап, окуучуларга сабак берчү элек. Союз учурунда окуган окуучулар кар жаап койгонуна карабастан пахта талаасында пахта терип, жүгөрү жыйнап иштешчү. Жакшы иштегендери үчүн 10 сомго чейин акы алышчу. Окууларын дагы калтырбай, жакшы окушчу. Ал убакта сыналгы, интернет жок болгондуктан, билимге суусаган балдарга сабак өтүү ырахат эле», - дейт Кутманбек Эргешов.

Ал мугалим болуп иштеп жүргөндө болгон кызыктуу окуяларын эскерди.

«Бир жолу бүтүрүүчү класстар окуудан тышкары талаада иштеп жаткандыктан экзаменди ошол жерге барып алганым эсимде. Жазында көпүрөнү сел алып кеткенде окуучуларды суудан көтөрүп өткөрүп, мектепке алып барып, кайра кечинде караңгыда ээн талаада коркушпасын деп үйлөрүнө чейин жеткирчү элем.

Мектепте иштеп жүргөндө алгачкы айлыгым 32 сом болгон. Кийин 1985-жылдары 300 сомго көтөрүлгөн. Ал убакта арзанчылык болгондуктан 1 сом менен Кербен шаарына барып, иштерибизди бүтүрүп келчүбүз. Мугалимдин айлыгы өз тиричилиги үчүн жетчү», - деди ал.

К.Эргешов «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алган. Ал 2 уул, 4 кыздын, 13 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×