Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Бишкек 27.02.2019 10:13

Дотациялык региондордогу ишканалар салыктардан 10 жылга чейин бошотулду, - президент С.Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков
Президент Сооронбай Жээнбеков

Turmush -  Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясы президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жатат. Анын алкагында өлкө башчы региондорду өнүктүрүү зарылдыгы эмнеден келип чыкканына токтолду.

«Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыздоо менен миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Региондорду өнүктүрүү тууралуу жарлыгым чыккандан бери комплекстүү өнүктүрүү боюнча иштер аткарылууда», - деди С.Жээнбеков.

Президент бул багытта мамлекет тарабынан жасалган иштердин негизгилерин атады.

«Биринчи бизнести негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу үчүн мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүсүнө 2 жылдык мораторий киргизилди. Жаңыдан түзүлгөн ишканалар текшерүүлөрдөн 3 жылга бошотулду. Салык мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80%га кыскартуу жеңилдиги берилди. Соода-логистикалык борборлор, машина-тракторлук станциялар жана айыл чарба кооперативдерине киреше, кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдиктер берилди. Экспорттун потенциалын жогорулатуу максатында продукцияны сертификациялоо жана стандартташтыруу үчүн жаңы лабораториялык база түзүлдү», - деди өлкө башчы.

Ошондой эле дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгы, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулганын, алар өкмөттүн тизмеси менен тандалганын кошумчалады.

Кыргызстанда ишкерлерди коргой турган институт түзүү чечими кабыл алынып, жакында ишке аша турганы да маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×