Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуМосква району 26.02.2019 18:19 На русском

Өмүр Ногоев Москва районунун акими болуп дайындалды

Turmush -  Ногоев Өмүр Арстанбекович Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

1387525.1.1496810975
Ногоев 43 жашта. 2014-жылы 20-январда мурунку премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин буйругу менен Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган.
2017-жылдын 7-июнунда ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ө. Ногоевдин ээлеген кызматынан өз каалосу менен кетүү жөнүндө арызына кол койгон.

2000-2007-жылдары Кыргызстандын ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда иштеген:
- Сокулук РИИБнын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчиси;
- Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
- Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
- Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы.

Бишкек шаарынын мурунку мэри — Арстанбек Ногоевдин уулу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×