Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 26.02.2019 15:49 На русском

Өзгөндө издөөдөгү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Ага буга чейин издөө жарыяланганын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Ш.А. кечээ, 25-февралда Өзгөн районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түшкөн. ИИМдин ыкчам каттоосуна алынган Ш.А. 2017-жылдын январь айынан бери Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде изделип жаткан.

Шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

кармалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×