Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТоң району 13.03.2019 23:41

Мекендештер: Ысык-көлдүк Н.Тойгонбаев соопчулук иштер менен алектенет (видео)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 38 жаштагы Нурбек Тойгонбаев. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында туулган. Учурда Россиянын Якутск шаарында эмгектенет.

Н.Тойгонбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал курулуш тармагында иштеп жүрсө дагы өз мекенинде кайрымдуулук иштер менен алектенет.

«Мен үй-бүлөдө тогуз бир туугандын улуусумун. Өзүм чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Кийин шартка байланыштуу Россияга иштөө үчүн кетүүгө туура келди. Азыр Якутск шаарында курулуш тармагында эмгектенип жатам. Бардык эле эмгек мигранттар жакшы жашоо издеп, акча табуу максатында келишет. Бул жерде айлык маяна салыштырмалуу жогору. Өзүм бул жакта иштеп жүрсөм дагы өз мекенимдеги муктаж адамдарга жардам берип, соопчулук иштер менен алектенгенге аракет кылам», - дейт мекендешибиз.

Анын айтымында, ал Кыргызстандагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга араба алып берет.

«Жалпы 12 араба алып бердим. Анын алтоо Жумгалга, калганы башка аймактардагы муктаждарга берилген. Чаек айылында жайгашкан балдар үйүндөгү 16 улан-кызга кышкысын кийим-кече алып бердим. Айлык алган сайын бир же эки араба алып, Кыргызстанга салып турам. Мурда сурангандарга алып берчү элем. Азыр үй-бүлөнүн материалдык абалына жараша берип калдым. Себеби кээ бир адамдар жакшы пенсия алса же мал-жандуу келишсе дагы жардам сурашат экен. Азыр чыныгы муктаждарга алып берем. Бул жагынан мага Тоң районунун акимчилигинен Гүлбүбү Шаршенбаевна жардам берип жатат», - деди Нурбек Тойгонбаев.

Ал үй-бүлөлүү, өзүнүн жеке турак жайы жок болгону менен Бишкекте жана айылда жер тилкеси бар. Эми Кыргызстанга келгенде өзүнүн үйүн куруп жана кайрымдуулук иштерин улантууну максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×