Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 25.02.2019 14:26 Жаңыланды: 04.05.2019 16:25 На русском

Айыл турмушу: Шаардык А.Тойболотова кол өнөрчүлүк менен алектенип, кайын атасын таң калтырган (сүрөт)

Turmush -  Алтынчач Тойболотова 1949-жылы Кемин районунун Тегирменти айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктап, азыркы Бишкек шаарындагы Каржы-экономика техникумунан экономист-бухгалтер адистигине ээ болуп чыккан. Кийин Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Мелис Акунов деген адамга турмушка чыккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алтынчач апанын жолдошу дагы экономист болгон. Алар 8 балалуу болушкан.

«Өз кесибим менен жалпы 18 жыл иштеп, эс алууга чыктым. Учурда балдарымдын төрүндө байбиче болуп олтурам. Жолдошум дүйнөдөн өтүп кетти. Каза болгонуна 1 жыл 3 ай болду. Экөөбүз 48 жыл бирге түтүн булаттык. Аны асылган оору алып кетти. Балдарыбыз менен аман-эсен, эл катары жашап жатабыз. Балдарым орто жана жогорку билимдүү. Жашоомо ыраазымын. Жаш кезде балдардын тентек кылганына кайыл болчубуз. Бардык кыйынчылыкты баштан өткөрдүк, бирок аларды сабырдуулук менен узаттык», - деди ал.

Алтынчач Тойболотова: «Союз тарап, эл журттун баары кыйынчылыкка туш болду. Жумушубуз дагы жоюлуп кетти. Пенсияны 5-6 айлап бербей, жакырчылыкка туш болгонбуз. Өзүм чүйлүк кыз болуп, жүн сабаганды деле билчү эмес элем. Башка түшсө байтал жорго деп, элден жүн сатып алып, аларды сабап, кийиз жасап, кызым экөөбүз Бишкектеги базар, дүкөндөргө саттык.

Бир жолу эшиктин алдына жүн жайып койгом, кайнатам конокко келип “жок дейсиңер” деп жаман көрдү. Биздин малыбыз көп деп ойлогон окшойт. “Сатып алып кийиз жасап жатам” деп айтсам, атам мага ыраазы болуп, жоктон бар кылганыма аябай сүйүнгөн», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×