Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Бишкек 23.02.2019 15:36 На русском

Улуттук банк «Мобильник» төлөм системасынын ишин токтотту

Turmush -  21-февраль күнү саат 08:00дөн тартып «Мобильник» ЖЧКнын 2015-жылдын 29-майындагы №2003290515 жана №3002290515 лицензияларынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул маалыматты Улуттук банк таратты.

2019-жылдын февраль айынын башында аталган компаниянын ишмердүүлүгүндө техникалык маселелер жаралган. Ошол мезгилде компаниянын ичинде мүлктү кайра бөлүштүрүү иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болгон.

«Мобильник» электрондук капчыгы иштебей калганына 3 күн болду. Бизден эмне үчүн иштебей жаткандыгын жана кандай чара көрүлүп жаткандыгын сурап жатышат», - деп 4-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев («Ата Мекен») Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловго суроо узаткан.

Андан кийин тиешелүү адис компанияны текшерип, 2019-жылдын 6-февралына чейин кызмат көрсөткөн тараптар жана кардарлар менен эсептешип, ишмердүүлүктү турукташтырууну милдеттендирген. Текшерүүнүн алкагында 2019-жылдын 25-январынан тартып «Мобильник» системасында техникалык мүчүлүштүктөр болуп, анын кесепетинен товар саткан жана кызмат көрсөткөн тараптарга төлөмдөр түшпөй, андан тышкары электрондук капчыктар ортосунда транзакциялар жүрбөй жаткандыгы аныкталган.

Система кайра иштеп баштап, бирок 7-февралда кайрадан «Мобильник» ЖЧКнын программалык камсыздоосунда маселелер жаралган. Андан кийин Улуттук банк «Мобильник» ЖЧКнын ичинде негиздөөчүлөрдүн ортосунда чыр-чатак чыккандыгын билдирген.

Электрондук капчыктын колдонуучулары билдиргендей, Mobilnik.kg төлөм кызматынын бардык терминалдары Asisnur (экинчи компания) деп атын алмаштырган. Ал эми «Бай-Түшүм» банкынан азыркы учурда «Мобильник» системасында канча каражат тоңдурулганын айта алышкан жок.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда «MOBILNIK» (МОБИЛЬНИК) ЖЧКнын жетекчиси Садыкова Динара Жапаровна болуп саналат. Ал эми негиздөөчүлөрү катары «АРЕА ПЛЮС ДМСС» (AREA PLUS DMCC) ЖЧКсы жана Каликова Гүлнар Аманжаловна көрсөтүлгөн. 2018-жылдын 22-майында компания кайра каттоодон өткөн. Маалыматтык технологиялар жана эсептөө техникалары чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзөт.

Ал эми «Asisnur» тууралуу айта турган болсок, Юстиция министрлигинде катталган «АсИсНур» ЖЧК бар. Анын жетекчиси Абышкаев Эрнест Эдильевич болуп саналат. Негиздөөчүсү — Гашимов Сулейман Сулейманович. Телекоммуникация чөйрөсүндө кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×