Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусу, Талас 23.02.2019 16:38 На русском

Сүрөт — Таласта элге кызмат кылган бойдок, келишимдүү жигиттер

Turmush -  23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Turmush басылмасынын Таластагы командасы элдин кызматындагы жигиттер менен тааныштырышат. Учурда бойдок мырзалар күн-түндөп эл кызматында.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Дайырбек Абасбеков 1993-жылы Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. 2015-жылы Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясын аяктап, ошол жылдан тарта Кара-Буура РИИБде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү болуп эмгектенип баштаган. 2018-жылдан бери Талас ШИИБдин кызматкери.

Хоббиси — футбол ойноо жана бокс менен машыгуу. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Кыздардагы жактырган сапаттары: тазалык, ачыктык, чынчылдык, бат тил табышуу жөндөмү.

Дайырбек Абасбеков

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Максат Эшалиев 1994-жылы туулган. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында чоңойгон. 2016-жылы Түркия мамлекеттик полиция академиясын аяктап келип, ошол жылдан тарта Талас ШИИБде тергөөчү болуп иштеп келе жатат.

Футбол ойногонду жактырат. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Кичи пейил кыздарды баалайт.

Максат Эшалиев

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Аскат Алыбаев 1988-жылы Талас шаарында төрөлгөн. 2011-жылы Талас мамлекеттик университетин, 2016-жылы ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Ички иштер органында 2012-жылдан бери иштеп келет. Учурда Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө криминалдык милиция кызматында эмгектенүүдө.

Кыздардын жөнөкөйлүгүн, жумшак мүнөзүн баалайт. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Аскат Алыбаев ----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Айбек Казыбеков 1992-жылы Талас шаарында төрөлгөн. Учурда системалык администратор болуп иштейт.

Хоббиси — китеп окуу, футбол, бильярд ойноо. Жылдыздуу, ыймандуу, жөнөкөй кыздарды жактырат. Үй-бүлөдө 2 бир тууган.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Кемелбек Дубашов 1984-жылы Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. Азыркы учурда Финансы министрлигинин Талас башкармалыгында финансы-координация бөлүмүнүн адиси болуп эмгектенүүдө.

Үй-бүлөдө 2 бир тууган. Алдыга койгон максаты — кыргыз элине аз да болсо салым кошуу. Хоббиси — китеп окуу. Бош убактысында детектив, сүйүү тууралуу китептерди окуйт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Дилшат Абдыразаков 32 жашта. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжеси. Кесиби боюнча юрист. 2017-жылдан бери Талас облусунун жетекчисинин жардамчысы болуп эмгектенип келет.

Бокс жана көк бөрү менен машыгат. Кыздардын тазалыгын, чынчылдыгын, тарбиялуулугун баалайт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Айбек Мүсүралиев 30 жашта. Учурда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Үй-бүлөдө 2 бир тууган. Туруктуу, оор басырыктуу кыздарды жактырат.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Кайрат Төлбаев 1998-жылы Политехникалык колледжинин укук таануу бөлүмүн аяктаган. Учурда Талас ОИИБде кенже опер кызматкери болуп иштейт. Үй-бүлөдө жалгыз уул.

«Кичинемден грек-рим күрөшү менен машыгам, стол теннисин мыкты ойнойм, сноуборд тебем. Ийгиликтүү, эмгекчил, башкалар менен бат тил табыша алам, харизмалуу, максатка умтулган, тыкан жана эң негизгиси — жөнөкөймүн. Тамакты ылгабай жейм. Хоббим Play Station ойноо жана жаңы тасмаларды көрүү. Мага европалыктарга түспөлдөш кыздар жагат. Түгөйүм менин күзгүм болушу керек, кыял-мүнөзү маанилүү эмес», - дейт ал.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Бекназар Бейшенов 1996-жылы жарык дүйнөгө келген. Манас районуна караштуу Манас айылынын тургуну. 2014-жылы ИИМдин Академиясында билим алып баштап, 2018-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылдын 18-июнунда Талас ШИИБде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кызматына киришип, 4 айдан кийин тергөө кызматына которулуп, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип жатат.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Хоббиси — футбол ойноо. Спорттун башка түрлөрүнө да кызыгат. Ачык, шайыр, эң башкысы үй-бүлөсүн сыйлаган кыргыз кызына жолуккусу келет.

Бекназар Бейшенов

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Самат Алмасбеков 27 жашта. Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Ал ИИБдин милиция мектебин аяктаган. Учурда Талас райондук ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болуп эмгектенет.

Хоббиси — спорт менен машыгуу. Кыздардын сылыктыгын, ыймандуулугун жана адептүүлүгүн баалайт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Эркинбек уулу Дамир 1992-жылы Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү. Азыркы учурда муниципалдык таза суу ишканасында эмгектенет.

Алдыга койгон максаты — мекенинин ардактуу атуулу болуп, үй-бүлөгө жана мекенге кызмат кылуу. Хоббиси — кыштын кереметинде лыжа тебүү, кооз өлкөлөргө саякатка чыгуу.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Кубанычбек уулу Бексултан 1997-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Азыркы учурда өз кесиби менен Көк-Ой айылындагы ооруканада оператор болуп иштеп жатат.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Жашоодогу максаты — көп ийгиликтерге жетишип, мекенине салым кошуу. Бош убактысын бузулган техникаларды оңдоо менен өткөрөт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Нурусланбек уулу Нуркалый 1995-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. 2016-жылы ИИМдин Академиясын бүтүргөн. Учурда Талас РИИБде криминалдык милиция кызматында лейтенант.

Кыздардын боорукерлигин жана жөндөмдүүлүгүн баалайт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Эрасыл Сагынбеков 23 жашта. Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну. 2018-жылы ИИМдин Академиясын аяктаган. Былтыркы жылдан бери Талас РИИБде иштеп келе жатат.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Кыздардын ыймандуулук, жөнөкөйлүк, адамгерчиликтүүлүк сапаттарын жактырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×