Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуАт-Башы району 14.03.2019 20:15 На русском

Айыл турмушу: Он баланын ата-энеси Бактагүл апа менен Совет атанын келини дагы баатыр эне болду

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 63 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышкан Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылынын тургундары Бактагүл Абышова жана Совет Бекиров.

Бактагүл Абышова 1940-жылы Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн. Жолдошу экөө ак кой багып, Ак-Сайдын жайлоолорунда 30 жыл жашашкан. Бактагүл апа ошол учурда 10 баланы тарбиялап, чоңойтуу кыйын болгондугун айтты.

«Мен мектепте 6-класска чейин эле окуп, 1956-жылы турмушка чыктым. Жолдошум менен 10 балалуу болуп, аларды чоңойтолу деп 30 жыл ак кой бактык. Балдарыбызды ар кайсы окуу жайларда окуттук, кыздарым турмушка чыкты. Азыр кичүү уулубуздун колундабыз.

Ак-Сайда жашап жүргөндө үйдөн төрөчүбүз. Эртеси күнү эле кык шыпырып, от жакчубуз. Ыйлап-сыктадык, бирок кайра эле кубандык. Балдарыбызды үшүп-шишибесин деп чоңойттук. Азыр бактылуу карылыкты кечирип жатабыз. Абышкам экөөбүз Бишкекте жашаган балдарыбызга барып турабыз. Мен 10 миң сом, абышкам 9 миң сом пенсия алат. Бирок ал акча дары-дармектен артпайт. Пенсия көбөйсө жакшы болот эле», - деди Бактыгүл апа.

Ал 10 бала төрөп, «Баатыр эне» наамын алган. Балдарын чоңойтууда кандай кыйынчылыктарга туш болгонун дагы айтып берди.

«Мен жетинчи баламды төрөрдө Ак-Сайда жалгыз болчумун. Жолдошум кой кайтарып кеткен. Анан толгоом башталды. Үйүбүздүн алдындагы бир дөбөгө чыгып, бирөө угуп калабы деп кыйкырып коем. Үйдө бир бала бар болчу. Ага атты токуп берип, "киши көрүнсө менин абалымды айт" деп жөнөттүм. Бир топ убакыт өткөндөн кийин жолдошум "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа менен дарыгерди чакырып келди. Мындай учурда эч ким билбей калса, өлүп деле калмакпыз да. Бир жолу Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан жайлоого бардык. Бир кызым жаңы эле төрөлгөн. Ошондо январдын чилдеси болуп турган. Эшикти ачып койсоң эле баланын бетине кыроо туруп калчу. Аны кайра күүп койчубуз. Бизден улуу кишилер эшикке чыкпагыла дешчү, бирок мал багып жаткандан кийин кантип чыкпай коёбуз», - деди 10 баланын энеси болгон Бактагүл апа.

Жолдошу Совет Бекиров 1939-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепте толук окубай эле колхоздун малын багып иштеген.

«Мектепте 7-класска чейин окуп, кой багып калдым. Кемпирим экөөбүз Ат-Башынын, Ак-Сайдын жайлоолорунда жашадык. Эмгегибизди баалашып, унаа менен дагы сыйлашкан. Кой бакканыбыз менен жаман атка конбой, сыйлыктардын гана үстүндө жүрдүк. Малдын дагы жакшылыгын көрдүк. Турмушубуз ырас, денибиз сак. Байбичем экөөбүз бир эле айылда төрөлгөнбүз. Мектепте окуп жүргөндө эле сүйлөшчүбүз. Кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык. Үй-бүлө ынтымактуу болсо, бакыт деген ошол. Балдарыбыз жакшы сый көрсөтүшүп, дөөлөттүү карылыкты өткөрүп жатабыз. Кичүү уулубуз дагы биздин жолду жолдоп, Ак-Сайга чейин барып мал багат. Келинибиз дагы “кайын эненин камырынан” дегендей, баатыр эне болду», - деди Совет ата.

Жубайлар 4 кыз, 6 уулдун ата-энеси. Учурда 39 небере, 28 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.06% (237)
«Бакай Банк»
33.43% (226)
«Капитал Банк»
10.65% (72)
...
Всего голосов: 676
×