Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусуКадамжай району 01.05.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Назгүл Шамшиева киреше табууну студент кезинде эле өздөштүргөн (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылынын 27 жаштагы тургуну Назгүл Шамшиева 10 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Ал кол өнөрчү үй-бүлөдө чоңоюп, чебер үй-бүлөгө келин болгонун аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Назгүл Шамшиева Кадамжай районуна караштуу Чандеки айылында төрөлгөн. Ал эми Орозбеков айылына 2011-жылы келин болуп келген.

«Тигүүчүлүк менен алектенгениме 10 жылдай болуп калды. Тактап айтканда, студент кезимден бери алектенем. Негизи өзүмдүн апам кол өнөрчү. Анын эмгектерине кызыкчумун. Кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк — менин хоббим. Азыркы учурда балдарым менен үйдө отургандыктан тигүүчүлүк менен эле алектенип жатам. Негизи ар кандай стилдеги кийимдерди өзүмдүн фантазияма жараша тигем. Көпчүлүк учурда кардарлар интернеттен көрүп жактырып, мага тиктирип кетишет. Кудайга шүгүр, өзүмө ишенем, бир дагы кардардын буйрутмасынан баш тарткан эмесмин. Кардарга ыңгайлуу жана сапаттуу кылып тигип берем. Эмгектерим кездемеге жана кийимдин өлчөмүнө жараша бааланат. Учурда ар кандай чапандарды тигип жатам. Ошондой эле төшөк, жаздык жана белекке берилчү буюмдарды да жасайм. Балдарым кичинекей болгондуктан аларды уктатып коюп, түндө тигүүгө туура келет. Тапкан акчама кайра эле жип-кездеме алып, калганын балдарыма, күнүмдүк жашоого жумшайм», - деди ал.

Назгүл айымдын кайын журту да өнөрлүү инсандар. Айымдар чебер болсо, мырзалар устачылык менен алек.

«Келин болуп келгенден кийин көп нерсе үйрөндүм. Анткени кайын энем жана кайын эжемдер кол өнөрчүлөр. Кайын энем устат болуп, өзүнүн билгендерин үйрөтүп, мени такшалтты. Алгач айрым кардарларым мага ишенчү эмес. Буйрутмаларды сапаттуу жана ыңгайлуу кылып тигип, кардарларды таптым. Учурда кайын энем экөөбүз үйдөгү бир бөлмөдө иштеп жатабыз. Биз тиккен кийимдерди базарга жеткирбей эле эл үйдөн алып кетишет. Күнүнө 4-5 чапан тигебиз. Аны менен биргеликте үй жумуштарына да жетишебиз», - дейт ал.

Кол өнөрчү үй-бүлөлүү, ал 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×