Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 27.04.2019 21:00 На русском

Айыл турмушу: Жалал-Абадда элеттик айымдар ишкерчиликтин эбин табышты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылынын айымдары бир топко биригип, чакан ишкерчилик менен алектенип жатышат. «Леди-Айым» аялдар тобун түптөгөн Гүлмира Бекназарова менен аймактык кабарчы маек курду.

- 15 аялдын башын бир топко бириктирүүгө эмне түрткү болду?

- Мен өзүм буга чейин айылды кыдырып, китеп сатчумун. Китептерим ден соолукка пайдалуу кеңештер жана сүйүү темасында болчу. Арасында жомоктор дагы бар эле. Бир күнү айылды кыдырып, сатып жүрүп Масуда Мамбетова аттуу айымга жолугуп калдым. Ал: «Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматында иштейм, менде дагы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча китептер бар, айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп иштейбиз. Өз ара жардамдашуу топторун түзсөңүздөр, өзүбүз окутабыз» деп айтып калды. Ошентип, анын жол-жобосун билген соң, айылдагы 15 аялдан турган «Леди-Айым» тобун түздүм. Азыр китеп сатпастан чакан ишкерчилик менен алектенип жатам. Топтогу аялдар дагы үйдө бош отурбастан өздөрүнө киреше таап жатышат.

- Учурда силер түптөгөн аялдардын тобу эмне менен алектенип жатат?

- Топтогу аялдар айылга керектүү нан азыктарын жасашат. Башында бир, эки гана түрүн жасап келсек, учурда анын бир нече түрүн жасаганды үйрөнүп калдык. Мисалы, печенье, кекс, булочканын түрлөрүн, самса, шаурма, пицца, лаваш жасайбыз. Мындан тышкары, ашкабак кошулган каттама, боорсок сыяктуу нандын түрүн жасайбыз. Эми жупка, кесме дагы жасап жатабыз. Мунун баары айыл жеринде сатыла турган азык-түлүктөр болуп саналат.

- Алардын баасы айыл жерине ылайыкташканбы?

- Ооба, биз жасаган азык-түлүктөрдүн баасы базар баасына салыштырмалуу арзан. Мисалы, кесмени 40 сомдон, жупканы 30 сомдон сатабыз. Каттама 50 сом болсо, чак-чак, печеньенин түрүн 100 сомдук кылып таңгактап коебуз. Тойго бара тургандар сатып алышат. Конок чакыра тургандар 1 күн мурун буйрутма беришет.

- Сатыктан түшкөн пайда эмгегиңерди актап жатабы?

- Биздин топтун ортолук фонду бар. Түшкөн кирешени ошол жакка салабыз. Мындан сырткары кезек менен 15 аял бир жумада 2 жолу 7 кг ундан кесме кесип кургатып, андан түшкөн 750 сом кирешени ортолук фондго салышат. Аялдар топторго бөлүнүп, бири азык-түлүктөрдү таңгактаса, калганы сатыкка чыгарат. Адамдардын шыгына жараша милдеттер жүктөлгөн. Ушинтип биргеликте иштеп, ортолук фонддогу каражатты көбөйтүп жатабыз. Үйдө бош отурган аялдар үчүн бул жакшы иш болду.

- Кондитердик азыктарды жасоону өз алдынча үйрөндүңүздөрбү?

- Жогоруда айтып кеткендей, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын консультанты Масуда Мамбетова келип, бизди кондитердик азыктарды жасоону үйрөттү. Топтун мүчөлөрү атайын окуудан өтүштү. Эми азык-түлүктөрдү дүкөндөн сатып албастан балдарыбызга өзүбүз эле үйдөн жасап бере баштадык.

- Аталган топтун алдыга койгон кандай пландары бар?

- Алдыга койгон пландарыбыз көп. Мисалы, учурда айыл өкмөт башчы менен сүйлөшүп, айылдагы эски мектептин имаратын иштетүүнү ойлоп жатабыз. Эгер биз азык-түлүктөрүбүздү ошол жактан жасасак, кошумча жумуш орундар түзүлмөк. Биздин мындай иштерибиз «FSDS» долбоорунун колдоосу менен ишке ашып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×