Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 10.05.2019 20:31 На русском

Айыл турмушу: М.Ашырбеков 5 жылдан бери 5 миң сомдук орус ээрлерди жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 35 жаштагы тургуну Максат Ашырбеков 5 жылдан ээрлерди жасап сатууда. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка болгон шык атасынан өткөн.

«Өзүм устанын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам колунан көөрү төгүлгөн уста. Кыргыз ээрлерди жасап сатчу. Негизи уругубузда устачылык бар. Баарыбыз устачылык менен алектенип келебиз. Атам жаш кезинен баштап эле кыргыз ээрлерди жасап сатчу. Азыркы учурда атамдын ордун мен бастым десем болот. Атама жардам берип жүрүп, устачылык өнөрдү алып кеттим. Акыркы 5 жылдан бери орус ээрлерин жасап келем. Аларды 5 миң сомдон баалайм. Керектүү материалдарына 1 миң сомдон кетет. Ошондо мага материалдан тышкары колума таза 4 миң сом калат. 1 миң сомун керектүү материалдарга кетирем. Бош убактым болбойт. Жумасына 15 ээр жасап коём. Жасаган ээрлеримди мал базарга алып чыгып сатам. Ал жерден көбүнчө чабандар жана улакчылар сатып алышат. Биздин айыл улакчылардын айылы. Алар атайын буйрутма берип жасатып кетишет. Ошондой эле коңшу айылдардан да байма-бай буйрутма түшүп турат.

Негизи кышы-жайы дебей устачылык менен алек болуп келем. Бирок жай айында бир аз басаңдап калам. Бош убактымда сөзсүз талаа жумуштары менен алек болом. Эрте жазда жана күз-кыш айларында колум ээр жасоодон бошобойт. Орус ээрлер кыргыз ээрлерге караганда бир канча жеңил жасалат жана арзан баага сатылат. Айырмачылыгы орус ээр темирден жасалганында», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы. Үчөө тең устачылыкка жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×