Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.03.2019 21:57 Жаңыланды: 14.03.2019 21:57

Айыл турмушу: Ноокендин тургундары сүттүү эчкилердин санын көбөйтүп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун тургундары сүт багытындагы эчкилерди багуу менен жашоо шартын оңдоп жатышат. Аймактык кабарчы алар менен жеринде таанышты.

Маалым болгондой, Ноокен районунда 2018-жылдын май айында «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өстүрүү системасын колдоо» долбоорунун алкагында сүттүү эчкилерди багуу боюнча 2 топ түзүлгөн. Биринчи «Мол сүт» тобуна 17 адам, экинчи «Береке» тобуна 15 адам мүчө болуп катталган.

Топтун максаты эчкилердин санын көбөйтүп, үй-бүлөсүн сүт азыгы менен камсыздоо, күнүмдүк тамак-аштын курамына эчкинин сүтүн кошуу болуп саналат. Жалпы эки топко 12 эчки, 2 теке берилген. Алгач топтун мүчөлөрү эчкилерди багуу, тоюттандыруу, ылаңдарын алдын алуу жана төл алуу боюнча окуулардан өтүшкөн.

Топтун мүчөсү Турсунай Эргешованын айтымында, ал күнүнө 3 литр сүт алып, андан айран, сүзмө жасап жатат.

«Неберелеримди дагы эчкинин сүтү менен багып жатам. Эчкинин сүтү уйдун сүтүнө караганда коюу, витаминдүү, жагымдуу болот экен. Уйга караганда эчкини багуу оңой экенин түшүндүк», - дейт ал.

Ал белгилегендей, учурда 5 эчки төлдөдү. Шарт боюнча эчки тууганда анын улагын алып калып, эчкини топтун кийинки мүчөсүнө өткөрүп беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×