Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 20.02.2019 09:59 На русском

«Окуучулар бир партада үч-төрттөн отурат»: Оштогу мектептин 244 млн сомдук имаратынын курулушу токтоп турат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 орто мектептин жаңы имаратынын курулушу 6 жылдан бери бүтпөй келет. Имараттын курулушу 2013-жылы башталып, бүгүнкү күндө 50 пайызы бүттү.

Ата-энелердин айтымында, каражаттын жетишсиздигинен курулуш иштери 2 жылдан бери токтоп турат. Мектептин эски имаратынан 2008-жылы жер титирөөдө жарака кеткен. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп табылып, 2 миң 500 окуучу И.В.Панфилов орто мектебине көчүрүлгөн. Бирок аталган мектеп 980 окуучуга гана ылайыкталган. Учурда бир класста 54-56, эң аз 46 окуучу окуп жатышат. Алар окуу бөлмөлөрдүн тардыгынан бир партада үч-төрттөн отурушат.

Черемушка кичи районунун тургундары мектептин жаңы имаратын 2019-жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн суранышууда.

Ата-энелердин бири Абдижалил Эркараевдин айтымында, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов мектеп 2018-жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин билдирген.

«Мектептин курулушу башталганына 6 жыл болду. Алгач мектеп 2016-жылы пайдаланууга берилет деп убадалашкан. Бүгүнкү күндө курулуш иштери да токтоп турат. Балдарыбыз алыс мектептерге каттап, кыйналып жатышат. Кыш чилдесинде мектепке караңгыда жөнөп, караңгыда кайтып келишет. Аларды бир саат эрте жөнөткөнгө туура келет. Окуучуларды кичи автобустар албай кетет. Өткөн жылдын башында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асановго кайрылганда ал мектеп 2018-жылы пайдаланууга бериле турганын айткан эле. Бирок пайдалууга берилмек турсун курулуш иштери токтоп турат», - деди Абдижалал Эркараев.

Ал эми Нүргүл Эргашбаева мектеп алыс болгондуктан балдарын күнүгө мектепке алып барып, кайра алып келүүгө мажбур.

«Менин эки балам башталгыч класста окуйт. Бирөөсүн эртең менен алып барсам, экинчисин түштөн кийин жеткирип келем. Балдарды мектепке алып барып, кайра алып келип эле күнүм өтөт. Кичи автобустар жолдун жээгинен эле токтотуп, түшүрүп коет экен. Канча деген жол кырсыктар катталды. Өз көзүбүз менен көргөн учурлар да болду. Аларды мектепке жөнөтүп, өзүбүз тынч үйдө отура албайбыз. Бул көйгөйдүн негизги себеби — өзүбүздүн мектептин курулушу бүтпөй жатканы. Кат аркылуу тиешелүү жерлерге кайрылганбыз, баары каражатка такалууда», - деди Н.Эргашбаева.

№20 И.Раззаков орто мектебинин директору Светлана Карапушкина окуучулар талапка туура келбеген шартта окуп жатканын айтты.

«Авариялык абалда деп табылган мектеп 1963-жылы курулган. Бул мектеп Черемушка кичи районундагы жалгыз мектеп болуп эсептелет. Шаардын бардык кичи райондорунда эки-үчтөн мектеп жайгашкан. Бизде гана жалгыз мектеп бар. 2015-жылдын 17-январындагы жер титирөөдөн кийин мектеп жараксыз деп табылып, окуучуларды И.В.Панфилов мектебине көчүрүүгө туура келген. Ал эми аталган мектептеги 450 окуучуну М.И.Калинин мектебине көчүрүшкөн болчу. Бизде 2,5 миңден ашуун окуучу бар. Окуучулар 1 партага үч-төрттөн отурганга мажбур болушууда. Бизге дагы эки класс жетишпейт. Алар алыс жерге каттап окуп, кыйналып жатышат», - деди Светлана Карапушкина.

Ал эми Ош облустук курулуш башкармалыгынын өндүрүштүк техника бөлүмүнүн башчысы Абдыбанап Ахматов: «Бул мектеп 720 орундуу болуп курулуп жатат. Курулуш иштери 2013-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы 243 млн 973 миң сомду түзгөн. Азыркы күндө 117 млн сом жумшалды. Калган курулуш иштерин бүтүрүү үчүн 126 млн 452 миң сом керек. 2018-жылы бул мектеп планга кирбей калган, 2015-жылы да кирген эмес. 2013-2016-2017-жылдары планга киргизилип, азыркы күндө курулуш иштеринин 50 пайызы бүттү. 2019-жылга сунушка бергенбиз, быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизиле элек. Быйыл канча акча бөлүнүп берилсе, ошого жараша курулуш иштери бүтөт. Быйыл пайдаланууга берилет деп ишенимдүү айта албайм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×