Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 19.02.2019 14:22 На русском

«Резина» жумурткалар Ысык-Көлдөн алынып келген, - Ветеринардык инспекциянын башчысы

Turmush -  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Ош шаарында табылган «резина» жумурткалар аткезчилик жол менен алынып келгени боюнча маалыматты четке какты.

Анын айтымында, аталган жумурткалар Ысык-Көл облусунан алынган.

«Биздин инспекция Ош облусундагы 17 жайды текшерип, жасалма жумуртка тапкан жок», - деди ал.

Жетекчи 2018-жылдын башында Өзбекстандан 300дөн ашык жумуртка алынып келингенин кошумчалады.

«Ал эми 2019-жылы Өзбекстандан жумуртка алынып келген жок. Кытайдан жумуртка алынып келбейт. Эмне себептен видео материалды таратышканын билбейм. Биз видеонун автору Оштогу кичи райондордун биринде жашаган Урмат аттуу тургун экенин аныктадык. Ал видеодогу жумурткаларды Арча базарынан сатып алган. Аталган базарды текшерип, бирок жасалма жумуртка тапкан жокпуз. Алар Ысык-Көлдөн алынып келинген. Бардык жумурткалар табигый», - деди ал.

К.Жумакунов кошумчалагандай, топтолгон материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Буга чейин Куш багуучулар ассоциациянын башчысы Рустам Осмоналиев видеого комментарий берип, аталган жумурткалар жергиликтүү базарга Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келгенин билдирген болчу.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Ош шаарынын тургуну Урматбек Разаков жасалма жумурткалар сатылып жатканын айтып, видео аркылуу элди сак болууга чакырган.

Анын айтымында, 16-февралда Оштогу Төрөбай Кулатов кичи районундагы базарлардын биринен 30 даана жумуртка сатып алган.

«8 жумуртканы балдарыма сууга бышырып берип, калганын кууругам. Балдарымдын бирөө жумуртканын сарысын жебегени үчүн мага берген. Жеп көрсөм даамы жок, резина сыяктуу экен. Бул тууралуу элди да кабардар кылуу үчүн видеого тартып, сак болууга чакырып, видону WhatsApp тайпаларга тараттым. Жумурткаларды сатып алган дүкөнгө барганда ээси ордунда жок экен», - деген У. Разаков.

Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Сүйүн Абдылдаев базардагы жумурткалардан үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдирген.

«Видеодогу жигитти таптык. Азыр жолугуп сүйлөшкөнү жатабыз. Мындан сырткары базарлардагы жумурткалардан үлгү алып, лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтык чыкканда толук маалымат беребиз», - деген С.Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×