Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ысык-Көл облусуТүп району 19.02.2019 12:47 Жаңыланды: 19.02.2019 18:12 На русском

Мекендештер: Ысык-көлдүк Урмат кызыл китепке кирген байыркы улут жашаган шаарда хирург болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Урмат Соодомбаев. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында туулган. Учурда Россиянын Амурск шаарындагы ооруканада хирург болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын 2012-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы Улуттук хирургия борборунда клиникалык ординатураны аяктаган. 2014-жылдан тартып Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында хирург болуп эмгектенген. Акыркы 1 жылдан бери Россиянын Амурск шаарындагы ооруканада хирург болуп иштеп жатат.

«Буга чейин Медакадемияда чогуу окуган курсташым Россияда иштеп жаткан болчу. Ал ооруканаларда дарыгерлер үчүн жакшы шарт түзүлгөнүн айтып, мени дагы чакырып калды. Мен Ысык-Көл облустук ооруканасындагы жумушумдан өз каалоом менен кетип, Россияга келдим. Бул жактагы хирургдардын айлык маянасы Кыргызстанга караганда 7-8 эсе көбүрөөк. Мындан тышкары, медицина тармагы бир топ өнүккөн, иштегенге бардык шарттар бар. Бул аймакта күн суук, кышы узак болгонуна карабай иштеп жүрөбүз.

Менин таң калганым Хабаровскта нанай деген байыркы улут жашайт экен. Улут азайып бара жаткандыктан кызыл китепке киргизилиптир. Өздөрүнүн нанай тили болсо дагы орусча эле сүйлөшөт. Жоголуп бара жаткан улут катары кызыл китепке киргендиктен аларга бир топ жеңилдиктер каралыптыр. Мисалы, медициналык тейлөө жана башка мамлекеттик кызматтар алар үчүн акысыз же арзаныраак баада көрсөтүлөт.

Негизи Амур дарыясынан балык кармоого уруксат берилбейт. Бирок нанай эли илгертеден балык кармоо менен жан багып келгендиктен бир гана аларга балык кармоого уруксат берилиптир», - дейт мекендешибиз.

Урмат келечекте Кыргызстанда жеке ооруканасын ачууну максат кылат. Ал үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×