Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.02.2019 11:21 На русском

Шамалды-Сайда №1 откана электр энергиясынан көмүргө өтүп, үйлөргө жылуулук өз ченеминде берилүүдө (видео, сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук жетиштүү деңгээлде берилип жатат. Шаарчадагы №1 откана электр энергиясынан көмүргө өтүп, мамлекеттин казынасы үнөмдөлүүдө. Элге жылуулук берүү тармагын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жүргөн. Аймактык кабарчы аткарылган иштерге жеринде күбө болду.

Таш-Көмүр шаардык жылуулук ишканасына караган Шамалды-Сай шаарчасындагы эки откана тең электр энергиясы менен иштеп келген. Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тарта шаарчадагы 288 абонентти тейлеген №1 откана көмүр менен жылытууга өттү. Бул багытка өткөрүү үчүн атайын көмүр жагууга ылайыкташкан откана тургузулуп, заманбап отказандар орнотулган жана көмүр сактоочу жай салынды. Калкты кара түтүн каптабашы үчүн ышты кармай турган жабдык менен жабдылды. Мындагы жайды көмүргө алмаштыруу мезгилинде элге жылылуук берүү бир аз солгундап, убактылуу түйшүк жаралган менен азыр ал кыйынчылыктар артта калды.

«Быйылкы жылы жылуулук менен камсыздоо багытында көптөгөн жумуштар аткарылды. Биз турган №1 откана өкмөттүн токтомунун негизинде көмүргө өткөрүлдү. Башкача айтканда көмүр менен да, электр энергиясы менен да жылуулук берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. 25-январдан бери откана көмүр менен жылытылууда. Отканадан чыгып жаткан ысык суунун температурасы 62 градусту көрсөтүп жатат. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө барып кайра келгендеги өлчөмү 56-57 градусту түзүүдө. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, ушул эле откана электр энергиясы менен иштеген учурда бир суткада 48 миң сомдук электр энергиясы иштелчү. Учурда суткасына 11 тонна көмүр жагылып, 20-25 миң сомго чейин чыгаша болууда. Чыгымыбыз 40%га чейин төмөндөгөнүн көрсөтүп жатат», - дейт Таш-Көмүр шаардык «Жылуулук» ишканасынын жетекчиси Нурлан Атабаев.

Ал белгилегендей, көмүрдү керектөө үчүн 720 тоннага тендер өткөрүлсө, 360 тонна көмүр келип түшүп, жагылып жатат. Тендерден уткан фирма убак сааты менен жеткирип берүүдө.

«Кеминде 40 жыл мурун салынган көп кабаттуу үйлөрдү жылытуу деле оңойго турган жок. Андан сырткары отканага 17-февралдан тарта видеобайкоо орнотулду. Мындан ары видеобайкоо аркылуу жумушчулардын иш аракеттери көзөмөлгө алынып турат. Жагылып жаткан көмүргө көз салынып турмакчы. Бул да болсо жумушту жакшыртуунун бир кадамы десе болот. Эми ушул эле шаарчадагы №2 откананы көмүргө өткөрүү үчүн тийиштүү документтер жогору тараптарга даярдалууда. Быйылкы жылы аны да көмүргө өткөрүүгө аракет жасалат», - дейт ал.

Жергиликтүү тургундар эмне дейт?

Шаарчадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу Чыйбылов Токталы 2002-жылдан бери көп кабаттуу үйдө жашайт. Анын айтымында, ал келген мезгилде үйлөрдө жылуулук жарытарлык эмес болчу.

«Мен келгенде жылуулук түтүктөрүбүз таптакыр эле жылычу эмес. 2009-жылдан бери жылуулугун сезе баштадым. «Көмүргө өткөндөн кийинки абал кандай болоор экен?» деп кыжаалат болдук эле. Тескерисинче үйлөргө жылуулук жакшы берилип калды. Кээде ысып кеткендиктен терезени ачып коюп жатам. Ушундай жагдай жаралса өзүң ыраазы болуп тыйынын бересиң да. От жагуучу жумушчуларга (кочегар) рахмат айтыш керек. Ар бир жашоочу түтүктөрдү тазалап, абасын чыгарып турса үйдө жылуулук болот», - дейт жергиликтүү тургун.

Ал эми жашоочу Нурайым Турсынбаеванын айтымында, ал көп жылдан бери эле көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат. Ал батиринде балдарын чоңойтту, эми неберелерин багууда.

Анын айтымында, ал жашаган үйдүн жылуулугу жаман эмес.

«Былтыркы жылы «Жылуулук» ишканасындагы кишилер келишип түшүндүрүштү. Биринде тыйын болсо, экинчибиз таппай, жылуулукту жакшыртуу иши жүрбөй калды эле. Кышында үшүбөйлү десек «Жылуулук» ишканасында иштегендердин пикирин угуп, батареяларды алмаштырып алсак, чоң утуш болмок. Өздөрү акысыз орнотуп беребиз деп жатышканда алмаштырып алышыбыз керек. Быйыл көпчүлүгү ушул демилгени колдоп жатышат, ишке ашат деп ойлойм», - дейт тургун Н.Турсынбаева.

Мындагы жашоочулардын көпчүлүгү январь айынын башында батареялар жакшы ысыбай калган учур болгонун, азыр баары өз калыбына келтирилгенин айтышты. Муну «Жылуулук» ишканасынын өкүлдөрү да четке кагышкан жок. Алар да көмүргө өткөрүү мезгилинде калкка бир аз ыңгайсыздык жаралганын, ал жагдайлар жоюлганын билдиришти.

Шаарчада 2 отканадан 600гө жакын абонентке жана 1 бала бакчага жылуулук берилет. Ал эми Таш-Көмүр шаары боюнча 6 откана бар болсо, төртөөсү тең көмүргө өткөрүлгөн. Андагы жылуулук 3 мектеп, 2 бала бакча, 4 мекеме-ишканаларга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×